Полигендер — сандык (үзгүлтүксүз) генотиптик өзгөргүчтүктү камсыз кылуучу жана кумулятивдик полимерия тиби боюнча өз ара аракеттенишүүчү гендердин тиби. П-ден сырткары олигогендер (башкы гендер) да белгилүү. Булар полигендерден айырмаланып, сапаттык (үзгүлтүктүү) өзгөргүчтүктү камсыз кылышат, ошондуктан аларды гибридол. анализдөөдө оңой эле окшоштурууга болот. Олигогендер жана П. хромосоманын ар кайсы райондорунда жайгашышы боюнча да айырмаланышат. П. гетерохроматиндик, олигогендер эухроматиндик бөлүктөрдө жайгашат. Азыркы генетикалык гендерди П-ге жана олигогендерге шарттуу бөлүшөт, себеби молекулалык деңгээлде бардык гендер үзгүлтүктүү (сапаттык жактан өз алдынча) структураларды жана функцияларды жөнгө салышат, башкача атйканда өздөрүн олигогендер катары алып жүрүшөт, ал эми эу - же гетерохроматиддерде жайгашышы гендердин эки категорияга бөлүнүшүнө негиз боло албайт. П. терминин полимериянын өзгөчө кумулятивдик эмес тиби боюнча өз ара аракеттенишүүчү гендердин тобу, "полимердик гендер" тобунан айырмалап кароо керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү