Полигон (аскердик)
Полигон (аскердик) – аскер куралдарын, каражаттарын жана техникасын сыноого, ошондой эле жоокерлерди аскердик ишке машыктырууга арналган кургактагы же деңиздеги атайы аймак. Полигондун ракеталык, артиллериялык, танктык, авиац., миналык, зениттик, инженердик ж. б. түрлөрү бар. Полигон байкоо жүргүзүүчү пункт, бута, блиндаж, байланыш жана транспорт каражаттары ж. б. менен жабдылат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9