Поликлиника
Поликлиника,эмкана (грекче polis – шаар жана клиника) – ооруканадан тышкары дарылап, алдын алуу чараларын жүргүзүүчү медициналык мекеме. Поликлиника калкка адистештирилген атайын медициналык жардам көрсөтөт. Поликлиникада адис-врачтар кабыл алуучу терапиялык, хирургиялык, неврологиялык, стоматологиялык, рентген жана физиотерапия кабинеттери, диагностика лабораториясы, дарыкана ж. б. болот. Поликлиникада оорулуунун эмгекке убактылуу жарамсыздыгы аныкталат; ооруга байланыштуу жумуштан бошотуучу эмгекке жарамсыздык баракчасы (бюллетень) берилет, стационардык дарылоого жиберилет жана эмгекке такыр жарамсыз болгондор врачтык-эмгек комиссиясына жөнөтүлөт. Поликлиниканын иши участкалык принцип боюнча уюштурулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9