Полиолефиндер – каныкпаган углеводородду-олефинди полимерлөө же сополимерлөөдөн пайда болгон ири мол-луу бирикмелер. Жалпы формуласы:

П. ичинен полиэтилен менен полипропилен, полиизобутилен кеңири белгилүү. Бузуучу заттар таасирине туруктуу диэлектрдик көрсөткүчү жана кристаллдык даражасы жогору, механикалык жактан бышык келет. П. түрдүү пластмасса алууда жана аны өнөр жайда колдонуу боюнча башка полимерлер арасынан 1-орунда турат. О. эле синтездик каучук (этилен-пропилен каучугу) текстиль жана техникалык булалар (полипропилен булалары) алууда колдонулат. Полиизобутилен полиэтилен, полистирол, табийгий каучук менен аралаштырып ысытуудан алынган заттар электрдик изоляциялоодо кеңири колдонулат. Изобутилен ди, -три, тетрамерлери полимер бензин деп аталат. Алар мотордук күйүүчү майлар компоненти катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү