Полиптер
Полиптер — дем алуу жолун, жатын, карын, жоон ичеги, көтөн-чучук, табарсык жана башка лардын былжыр челинде өсүп чыккан патологиялык түзүлүш.
Сүрөттөмөсү жана пайда болушуОңдоо
Полиптер ар түрдүү формада, чоңдукта, түбү жазы же ичке болот, алардын үстү жылмакай же бодуракай болушу мүмкүн. Полиптер чыныгы эпителийлүү шишик- аденомалар түрүндө сезгенүүдөн пайда болот. Дарттын белгилери ар түрдүү келип, көбүнчө полиптердин өскөн жерине, анын түзүлүшүнө, чоңдугуна, жайылышына жана кабылданышына жараша болот. Кээде полиптер органдардын (мисалы, мурун көңдөйүн, ичегини жана башкалар) ичин кичирейтип же бүтөп калат. Кээ бир учурда жараланып, канашы ыктымал. Айрымдары (ичеги-карын, табарсыктын полиптери жана башкалар) коркунучтуу шишикке айланышы мүмкүн.
Аныктоо жана дарылооОңдоо
Дартты аныктоодо негизинен рентген, эндоскопия жана морфологиялык (кесип алып микроскоп менен текшерүү) изилдөөлөр жүргүзүлөт. Полиптерди дарылоодо көп учурда хирургиялык операциялар колдонулат.
Колдонулган адабиятОңдоо
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8