Полиформальдегид, полиоксиметилендер, [–ОСН2–] – формальдегидди полимерлөөдөн алынган синтездик полимер. Полиформальдегид оңой боёлуучу, кадимки температурада эриткичтерде эрибеген, ак түстөгү, тунук эмес кристалл зат. Эрүү t 164–180°С, тыгыздыгы 1,43 г/см3 полиформальдегид катуулугу, бышыктыгы, нымга туруктуулугу менен мүнөздөлөт. 200°Сден жогору ысытканда формальдегидге ажырайт. Полиформальдегид 80°Сде көпкө чейин, ал эми 120°Сде аз убакыт ысытуудан өзгөрбөйт. Күчтүү кислоталардын жана щелочтордун таасиринде бузулат. Формальдегидди жана анын туундуларын полимерлештирүүдөн алынат. Полиформальдегидден була, плёнка, конструкциялык тетиктер, приборлор жана аппараттар үчүн арматуралар алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү