Полиэлектролит ― ионогендүү топтору бар полимер. Алар поликислоталар, полинегиздер жана полиамфолиттер деп бөлүнөт. Полиэлектролит мисалы болуп мейкиндикте тигилген ион алмашуу чайырлары эсептелет. Полиэлектролит эритмесинде макроиондор, алардын заряддалган топтору бири-бири менен химимялык  байланыш аркылуу байланышкан. Карама-каршы иондор эквиваленттик санда болот. Полиэлектролит үчүн макроион заряддалган топтору бири биринен дайыма анча чоң эмес аралыкта жайгашат жана мындай жайгашуу Полиэлектролит эритмелери абалынын өзгөчөлүктөрүн шарттайт. Полиэлетролит макроиону өлчөмү карама-каршы иондун өлчөмүнөн бир канча жогору болот. Поликислоталар жана полинегиздер күчтүү ( рН ар кандай маанисинде иш жүзүндө толугу менен иондошот) жана күчсүз болуп бөлүнөт. Алардын заряды ионогендүү топтор диссоциация константасы жана эритменин pH аркылуу аныкталат. Күчтүү полик-талар мисалы, катары полиэтиленсульфо, полистиролсульфо, жана полифосфор к-тасын, ал эми күчсүз к-та катары полиакрил, полигалактурон, ж.б. карасак болот.

Булактар

түзөтүү
  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6