Полк – куралдуу күчтөрдүн бардык түрүндө болуучу аскердик бөлүк. Аткычтар, жөө аскерлер, атчандар, артиллерия, авиациялык, танкалык ж. б. полктор бар. Ар бир полктун штабы, бир нече батальону, согуштук, материалдык жана техникалык жактан камсыздоочу бөлүкчөлөрү болот. Эреже боюнча полктор дивизия, бригада сыяктуу бирикмелердин курамына кирет. Полктор 16–17-кылымда пайда болуп, 18–19-кылымда түзүлүшү бир нече жолу өзгөрүлгөн. 19-кылымдын аягында – 20-кылымдын башында бардык полктор бирдей түзүлүп, биринчи дүйнөлүк согушка чейин сакталган. Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында жана убагында танкалык, механикалаштырылган, авиациялык, аба десанттык ж. б. полктор пайда болуп, жөө аскерлер полкуна 3–4 батальон, артиллериялык, миномёттук ж. б. бөлүкчөлөр кирген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү