Полониналар, планина (болгар, серб тилдеринде планина – тоолор) – Карпаттагы жана Балкан жарым аралынын кээ бир кырка тоолорундагы үстү тегиз тарткан жондордун аталышы. Бийик өскөн шалбаа менен капталган. Негизинен жайыт жана чабынды катары пайдаланылат. « Полонина» термини бир катар кырка тоолордун (мисалы, Стара-Планина) жана чокулардын аталыштарынын курамына кирет.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү