Болот хан / Пулат хан-орустар ушундай аташкан. (Искак Асан уулу, Искак Молдо, Ыскак молдо Асан уулу) (1844-ж. Маргалаң уезди, Охна кыштагы - 1876, Жаңы Маргалаң шаары) - 1873-1876-жж. Кокон көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири.
Ичкилик уруусунун бостон уругунан. Атасы Маргалаңдагы "Ак медреседе" окуткан. 1867-ж. Искак окуусун таштап, өз уругунун көчмөндөрү жашаган Сох кыштагына, кийин Охна кыштагына келет.
Эл арасында болууну көксөгөн Искак Анжиян шаарында туруп калат. Соода иши менен Ташкентге келип жүрүп, ал жерден лашкер Алымкулдун пикирлерши, кыргыздын курама уругунан чыккан чаткалдык Абдымомун аталык менен таанышат.
1873-ж. Кокон көтөрүлүшү башталганда эл хандыктын мураскору, Алим хандын небереси Болот бекти көтөрүлүштү хан катары жетектөөсүн өтүнүшкөн. Шер датка баш болгон кыргыздардын өкүлдөрү Самаркандагы Болот бекке барышкан, бирок ал баш тарткан. Алар Самаркандан кайтып келе жатып, Ташкенге Абдымомундун үйүнөн өңү-түсү Болот бекке окшогон Искакты кезиктирип, аны Болот бектин ордуна мураскор болууга көндүрүшкөн. Ошентип Болот хан (Искак Молдо) 200 аскери менен Чаткалда көтөрүлүшкө жетекчилик кыла баштайт. Чаткалга жакын жайгашкан Алабука, Актаң, Нанай, Көкжар, Мамай, Сафедбулон ж.б. айылдардагы эл Болот ханды хан деп таанып, Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө кошулушкан. Көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчү карапайым калк - кыргыз, өзбек, кыпчак, тажиктер болгон. Алар мене катар өз кызыкчылыктарын көздөгөн феодалдардын өкүлдөрү да катышкан. Кийинчерээк Болот хан көтөрүлүшкө катышкан феодалдардын таасири мене Кокондун мурунку хандарынын саясатын уланткан.
Көтөрүлүштүн жүрүшүнүн экинчи этабында 1875-ж. июль айында Россия империясынын өкмөтү Болот хандын бийлигин мыйзамсыз деп таанып Кокон хандыгынын аймагына орус аскерлерин киргизүүгө жетишкен. М.Д.Скобелевдин кол башчылыгы астындагы орус аскерлерлинин күчү мене көтөрүлүш басылып, Кокон хандыгы жоюлуп, Фергана облусу деген ат мене Россия империясынын карамагына өткөн.
Өзүн курчаган феодалдардын чыккынчылыгы менен Болот хан падышалык бийликтин колуна түшкөн. Убактылуу Жаңы Маргалаң ш-дагы орус түрмөсүндө кармалып турган. Аскер сотунунн өкүмү мене Жаңы Маргалаң ш-да 1876-ж 1-мартта дарга асылган.

Өмүр баяны түзөтүү

Кыргыз тарыхында Пулат хандын (1844-1876) ысымынын пайда болушу 1809-жылы сегизинчи Кокон башкаруучусу Алим хандын өлтүрүлүшүнөн тартып башталган кейиштүү таржымал менен байланышкан. Жылдар өтө берди. 60-жылдардын аягы - 70-жылдардын башында Кокон хандыгы калктын нааразылыгы ташкындап-төгүлгөн көтөрүлүштөр менен козголоңдордун көптүгү жагынан жанар тоону элестетип турду. Кырдаал 1870-жылы мал арбын кырылып, калкты ачарчылык каптап, баш-аламандыктар өcүп кетиши менен ого бетер оордоду. Картайып бүткөн Кудаяр хан сокку алдында калды. Эми анын ордуна хандык кылууга мыйзамдуу укугу бар, падышалык тукумдан чыккан мурасчыны издөө зарылдыгы туулду. Ага эң татыктуу инсан, андан алтымыш жыл илгери өлгөн Алим хандын небереси Пулат бек болуп чыкты. Самаркандагы Пулат бекке кыргыз аксакалдары менен уруу башчыларынын курамы жөнөтүлдү. Бирок ал чоң атасынын жана андан кийинки Кокон хандарынын тагдырын эске түшүрүп, өз өмүрүнөн чочулоо менен, айтылган сунуштан баш тартат.
Улама сөзгө ылайык, ал топтун өкүлдөрү кайтып келаткан жолдо, Ташкентте, өздөрү түнөгөн үйдөн сырткы келбети Пулат бекке окшош жаш жигитти учуратып калышат. Бул түштүк кыргыздардын ичкилик уруусунун бостон уругунан чыккан молдо Исхак Хасан уулу эле. Кезегинде ал медреседе окуп, анан окуусун таштап койгон соң, өзү туулган Ухна кыштагында туугандары менен жашап, жергиликтүү мечиттин имамы болуп жүргөн. Ошол замандагы булактардын маалыматы боюнча, ал жетишээрлик билимдүү адам болгон, кишилер менен мамиле түзүүнүн тажрыйбасын өздөштүргөн, жигери жана курч акылы менен айырмаланган, анан эң маанилүүсү, езунун ички мүнөзү жагынан тайманбас аракет жасоого жөндөмдүү болгон. Кыргыз өкүлдөрү менен ачык сүйлөшкөндөн кийин жаш жигит өз атынан баш тартып, өзүнө Алим хандын небереси Пулат хандын ордуна барууга макулдугун билдирген. Бул окуя 1873-жылы болуп өткөн.
Кокон хандыгындагы дүрбөлөңдүү абал ал учурда жетер чегине жеткен. Чыгаан атуулдун хан тагынын мыйзамдуу мурасчысынын пайда болушу калайык-калкты бир заматта туташ ойготту. Анын айланасына дароо Кудаяр хандын душмандары, алардын ичинде жогорку чөйрөлөрдүн өкүлдөрү чогула баштады. Жалган аттуу Пулат хан арадан көп өтпөй ак кийизге салынып жогору көтөрүлдү да, ошол аркылуу хандыктын башкаруучусунун мыйзамдуу бийлигине ээ болгондой түр жасалды.
Аскердик ийгилик ар качан эле козголоңчуларды коштоп жүргөн эмес. Бирок жеңилүүлөр ийгиликтер менен алмашып турган. 1875-жылдын 9-октябрында козголоңчулардын аскерлери Коконду басып алган. Атасы Кудаяр хандын мыйзамдуу мурасчысы болуп саналган Насреддинбек 1868 -жылы Кокондун Россия менен түзгөн макулдашуусунан пайдаланып, россиялык аскерлердин коргоосуна качып кеткен. Мындай кырдаалды пайдаланып Россия Кокон хандыгынын аймагына өз аскерин киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган, алар козголоңчуларга дароо чабуулун баштаган. Натыйжада кырдаал башкача саясый мүнөзгө ээ болгон. Эми орус аскерлери козголончулардын душманы болуп калды. Пулат хан газават - мусулман эместерге каршы согуш жарыялаган. Бирок ортодогу күч тең эмес эле. Тирешүүнүн аягы кандай бүтөөрү күн мурун эле белгилүү болчу. Барон Меллер-Закомельскийдин козголоңчулардын күчүн талкалап салган.
Жарадар болгон Пулат ханды россиялык аскерлердин колуна өткөрүп беришет. 1876-жылдын 1-мартында ал жана анын айрым жолдоштору аскердик¬-талаа соту тарабынан Маргалаңдын базарында даргага асуу жолу менен жазаланышат. Козголоңчулардын жолбашчысы ошондо 32 жашта гана эле. Базар аянтында эл кылкылдап батпай кеткен. Көптөр буркурап ыйлап жатты.
Исхак Хасан уулу жетектеген көтөрүлүш мүнөзү жагынан кайгылуу болгон жана тагдыры күн мурун чечилген. Россия ал мезгилде аймактагы окуялардын көзөмөлдөн тыш өнүгүүсүнө жол бермек эмес.
Искак Хасан уулу жаркын, төрт тарабы төп келген инсан болгон. Анын аракеттери кыргыз тарыхынын бир бөлүгү болуп саналат жана өз элинин эскерип-эстөөсүнө арзыйт.

Колдонулган булак түзөтүү