Сэр Жеймс Пол Маккартни (англ. Sir James Paul McCartney; 1942-жылы 18-июнь) - рыцарь-бакалавр, Британия империясынын абзел орденинин кавалери, англиялык ырчы, ыр жазуучу, түрдүү музыкалык аспаптардын чебери, композитор. Поп-музыка тарыхында болгон эң популядуу жана таасирдүү "Битлз" (англ. the Beatles) рок-тобунун бас-гитаристи жана ырчысы болуп жүрүп дүйнөлүк аренадагы белгилүүлүккө жеткен. Жон Леннон менен бирге ыр жазуу кызматташтыгы согуш мезгилинен кийинки эң белгилүү доор деп эсептелет. Топтун таркалышынан кийин Маккартни жеке чыгармачылык ишин баштап, биринчи аялы Линда жана Денни Лэйн менен бирге Wings тобун түзгөн.

Пол Маккартни
Файл:ACL18051018-122 (43716152470).jpg, Paul McCartney in October 2018.jpg и Paul McCartney on stage in Prague.jpg
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Автографы

[[Файл:Lua error in Модуль:Wikidata/media at line 33: attempt to concatenate local 'value' (a nil value).|80px}}]]

Маккартни эң мыкты ийгиликүү композитор жана аткаруучу болуп эсептелет. 2200дөн ашык ырчы, "Битлз" тобунун "Yesterday" (кырг. "Кечээги күн") ырынын кавер-версиясын жаздырып, бул чыгарма поп-музыка тарыхында эң көп кавер-версиясы болгон ырга айланган. 1977-жылы Wings Улуу Британияда эң көп сатылган "Mull of Kintyre" (кырг. "Кинтайр тумшугу") синглин жаздырып чыгарышат. Рок-н-роллдун атак-даңк музейине эки жолу талапкерлиги коюлган (1988-жылы "Битлз" тобунун курамында, 1999-жылы соло ырчы катары), "Грэмми" сыйлыгына 21 жолу татыган Маккартни Billboard Hot 100 чартында биринчи орунга ээ болгон, жалпысынан 32 ыр жазган жана 2009-жылы ал АКШда RIAA тарабынан тастыкталган 25,5 миллион бирдиктерге ээ болгон. Маккартни, Леннон, Харрисон жана Старр 1965-жылы Британия империясынын абзел орденинин кавалерлери болуп, 1997-жылы Маккартни музыкага кызмат кылганы үчүн кавалер наамына ээ болгон. Маккартни 1,2 миллиард доллардык накта наркы менен дүйнө жүзүндөгү эң бай музыканты болуп эсептелет.

Маккартни соло ырчы катары ырлардын кең каталогун чыгарып классикалык жана электрондук музыка жазган. Жаныбарларларды укугун коргоо, түлөнгө аңчылык, жер миналар, вегетарианчылык, кедейчилик жана музыкалык билим берүү сыяктуу маселелер боюнча эл аралык соопчулуктарга өбөлгө түзүү боюнча долбоорлордо катышкан. Маккартни үч жолу аял алып, беш баланын атасы.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү