Пол Пот (19. 5. 1925, Пномпенге жакын Прексбаув кыштагы – 15. 4. 1998, Анлонгвэнг) – Камбоджанын премьер-министри (1976–79). Өз аты-жөнү – Салот Cap. 1976-жылдан өзүн Пол Пот деп атап алган. Индикытай коммунисттик партиясынын мүчөсү (1953-жылдан). 1975-жылы Камбоджадагы жарандык согуш аяктап, Пол Пот башында турган кызыл кхмерлер (Кампучиянын тоолуу райондорунун кызыл жерлеринде жашагандар) бийликке келишкен. Бийликте турганда Камбоджанын көп адамдарын репрессиялап, өлтүргөн.

Пол Пот (1978)

Колдонулган адабияттар түзөтүү