Пол Стефен Радд (англ. Paul Rudd; анг. 1969-жылы, 6-апрелде туулган) - америкалык актер, куудул, жазуучу жана продюсер. Ал 1992-жылы NBC телеканалындагы ""Эже-сиңди" драма сериалында дебюттук түрдө тартылууга чейин, Канзас Университетинде жана Британ-Америкалык Драма Академиясында Театр бөлүмүн окуган. Пол "Шарап жасоочулардын эрежелери" (анг. The Cider House Rules, 1999) жана "Аңкоо" (анг. Clueless, 1995), "Хэллоуин: Макл Майерстин каргышы" (анг. Halloween: The Curse of Michael Myers, 1995), "Нымдуу жана ысык америкалык жай" (анг. Wet Hot American Summer, 2001), "Алып баруучу: Рон Бургундинин легендасы" (анг. Anchorman: The Legend of Ron Burgundy, 2004), "40- жаштагы катнашка барбаган эркек" (анг. The 40-Year-Old Virgin, 2005), "Боюнда бар" (анг. Knocked Up, 2007), "Сыймыктанган адамдар" (анг. Role Models, 2008), "Мен сени сүйөм" (анг. Love You, Man, 2009), "Аңкоолор менен кечки тамактануу" (анг. Dinner for Schmucks, 2010), "Биздин акылсыз инибиз" (анг. Our Idiot Brother, 2011), "Саякаттоону сүйүүчүлөр" (анг. Wanderlust, 2012), "40 жаш" (анг. This Is 40, 2012), жана "Алып баруучу: легенда уланууда 2" (анг. Anchorman 2: The Legend Continues, 2013), "Кумурска адам" (анг. Ant-Man, 2015) жана "Капитан Америка:Жарандык согуш" (анг. Captain America: Civil War, 2016) тасмаларындагы ролдору менен таанымал.

Ал актердук кесибине жанаша NBC телеканалындагы "Достор" (анг Friends) сериалында Майк Хэннигендин, "Тим жана Эрик" (анг. Tim and Eric) сериалында кыскача ролдорду жана "Парктар жана эс алуу аймактары" сериалында (бизнесмен Бобби Нюпорттун ролун аткарган) жана "Жекшемби күнү кечинде" (анг. Saturday Night Live) сериалдарында тартылган. 2015-жылы, 1-июлда ал Голливуддагы даңк аллеясынан жылдызчага ээ болгон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү