Пономарёв Павел Сергеевич

Пономарёв Павел Сергеевич (22. 1. 1924, азыркы Чүй областы, Москва району, Беловодск кыштагы – 1990, Ташкент) – Советтер Союзунун Баатыры (1944). 1946-жылы Ташкент жөө аскерлер окуу жайын бүтүргөн. 1943-жылы Советтик Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 307-гвардиялык аткычтар полкунда (Талаа фронту, 37-армия, 110-гвардиялык аткычтар дивизиясы) 45 ммдик замбиректин наводчиги болгон. 1943-жылы 3-октябрда Днепрдин жээгиндеги Куцеволовка кыштагындагы (Кировград областы, Онуфриевск району) плацдарм үчүн болгон салгылашта ири калибрдүү пулемётту жана танкты талкалаган. 7-октябрда өзүнүн расчёту менен бир нече танкты өрттөп, душмандын замбиректерин жок кылган. Согуштан кийин Ташкентте жашап, армияда кызмат өтөгөн. 1977-жылдан запастагы капитан. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү