«Поп-арт» (англисче pop art – жалпыга жеткиликтүү искусство) – 1950-жылдардын 2-жарымында АКШда жана Улуу Британияда абстракттуу искусствонун кысымына каршы реакция катары пайда болгон авангардисттик көркөм агым. Живопистин жана скульптуранын кадимки методдорунан, логикалык, образдык закон ченемдүүлүктөрүнөн баш тартуу менен, «Поп-арт» турмуштук даяр нерселерди, механикалык көчүрмөлөрдү (фотография, муляж, репродукция), массалык басылмалардын үзүндүлөрүнүн (жарнама, өндүрүштүк графика, комикстер ж. б.) кокусунан пайда болгондой айкалыштарын түзгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү