Поп-музыка (англисче popular music – кеңири тараган музыка) – 20-кылымда пайда болгон көңүл ачууга багытталган эстрадалык музыканын жалпы аталышы. Поп-музыканы жалпы мааниде көп аткарылуучу музыкалык чыгармаларды түшүндүрүүчү аныктамадан бөлүп кароо зарыл. 1950-жылдардын аягында пайда болгон. Поп-музыка адегенде рок-музыканы гана мүнөздөгөн болсо, азыр поп-музыка жалпы музыкалык маданиятка айланган. Поп-музыканы таратуунун негизги ыкмасы граммофондук табактарды, теле-аудио тасмаларды, дисктерди чыгаруу жана сатуу болуп эсептелет. Азыркы учурдагы поп-музыка – өнүккөн көп түрдүү чыгармачыл багыт. Поп-музыкада социалдык маселелерди чагылткан чыгармалар, мындан тышкары композициялык, ыргактык, обондук, ладдык иштеп чыгуулардын жана аранжировкадан башка электр-акустикалык өзгөртүүлөр, добуштук айкалыштар, монтаж сыяктуу ыкмалар маанилүү орунда. Бүгүнкү күндө поп-музыка музыка искусствосунун өнүгүшүнө өз таасирин тийгизүүдө[1].

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Поп-музыка: жанрдын сүрөттөлүшү, таанымал тректер. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 21 -август (баш оона) 2021.