өзгөртүү 

Технология порталы

Техника (б. грек. τεχνικός, τέχνη дегенден — искусство, усталык, иш билгендик) — бул табиятта жок, кишинин жардамы аркылуу жасалган ар кандай шаймандардын, механизмдердин жана түзүлүштөрдүн жалпы аталышы. «Техника» сөзү «кандайдыр бир нерсени жасоонун (даярдоонун) жолу» — мисалы, живопистин техникасы, кант кызылчасын өстүрүү техникасы ж.у.с. да билдирет. Техниканын негизги маскаты — кишинин күнүмдүк жашоосун жеңилдетүү, аны оор физикалык же майда-барат иштен куткаруу менен ага чыгармачылык иштерге көбүрөөк убакыт берүү. Ар кандай техникалык түзүлүштөр эмгектин натыйжалуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн бир кыйла жогорулатат, жаратылыш ресурстарын рационалдуу колдонууну шарттайт жана татаал амалдарды аткарууда кишинин ката кетирүү ыктымалдуулугун төмөндөтөт.


өзгөртүү 

Ички порталдар


Мыкты макала