Порт (түшүнүк)
Кемебайыр, порт (түшүнүк), гавань, пристань – океандын, деңиздин, көлдүн, дарыянын жээгиндеги кемелерди токтотууга, жүктөрдү сактоого жана алардан жүк түшүрүп жүктөөгө ыңгайлашкан курулмалар комплекси. Порт кеме оңдоого, башка тейлөө иш-чараларын жүргүзүүгө да ылайыкталып курулат. Порт жарандык (соода, промыселдик) жана аскердик болуп бөлүнөт. Порттун акваториясы толкундан тосулуп, бухталарда, гавандарда салынат. Дүйнөдөгү ири порттор: Сингапур, Роттердам (Нидерланд), Нью-Йорк (АКШ), Сянган (Гонконг), Шанхай (Кытай), Йокохама (Япония). Кыргызстандагы эң ири порт – Ысык-Көлдөгү Балыкчы порту.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9