Поршендүү машина
Поршендүү машина – жумуш аткаруучу нерсенин (газдын, буунун, суюктуктун) энергиясын өзгөртүү боюнча негизги ишти поршень аткарган түзүлүштүк поршень алга-артка жылган кезде поршендүү машинанын цилиндринин ичиндеги камеранын көлөмүнүн өзгөрүшү менен бирге жумуш аткаруучу нерсенин параметрлери (басым, температурасы ж. б.) өзгөрөт. Поршендүү машина иштеген кезде жумуш аткаруучу нерсенин энергиясы төмөндөшү (кыймылдаткычта) же жогорулашы (насосто, компрессордо ж. б. у. с.) мүмкүндүк жумуш аткаруучу нерсенин цилиндрге киргизилиши жана чыгарылышы клапандын, золотниктердин же поршендин өзүнүн жардамы менен бөлүштүргүч түзүлүш аркылуу жөнгө салынып турат. Поршендүү машинанын көпчүлүгүндө поршень муунактуу вал жана кривошиптүү механизм менен байланыштуу болот да, анын жардамы менен поршендин алга-артка жылма кыймылы валдын айлануу кыймылына өтөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9