Пошивайлов Никифор Макарович

Пошивайлов Никифор Макарович (1909, азыркы Казакстан, Караганды областы, Кадушный айылы – 1958, Чүй областы, Сокулук району) – кызылчачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1947). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1933-жылдан Сокулук районундагы Крупская атындагы колхоздо колхозчу, 1934-жылдан бригадир болгон. 1947-жылдан талаачылык бригадири болуп иштеген. Ал жетектеген бригада 4 га жердеги кант кызылчасынан 816 цден түшүм алган. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү