Прага метросу
Прага метросу (чехче: Metro v Praze) – Борбордук Европадагы Чехия жумуриятынын ордо шаары Прагадагы метро унаа системасы.
Кыскача таржымакалы
түзөтүүПрага шаарындагы метро (чехче - Metro v Praze) күн сайын 1,5 миллиондой жүргүнчүнү тейлеп турат.
Анын алгачкы бекеттери 1974-жылы 9-майда ачылган.
Учурда бул метронун үч багыты бар (латынча A,B,C). А багытын жашыл түс менен, Б (B) багытын сары түс менен, Ц (C) багытын кызыл түс менен белгилешет.
Болочокто көк түс менен белгилене турган Д (D) багыты курулмакчы.
Долбоорлор жана курулуш
түзөтүүПрага шаарында метро куруу тууралуу алгачкы ойду айтып, 1898-жылы долбоорун сунуштаган – Прага шаарында жашаган соодагер Ладислав Ротт (Ladislav Rott) мырза болгон.
Экинчи дүйнөлүк согушка чейин да Чехословакия бийлиги Прагада метро куруу маселесин козгогон. Маселен, 1926-жылы инженерлер Владимир Лист (Vladimír List) менен Богумил Белада (Bohumil Belada) «Праганын жер астында жайгашчу тез темир жолу» долбоорун сунушташкан. 1931-жылы дагы бир метро долбоору даярдалган. 1960-жылдарда метро долбоорлоо жана куруу иши жандана баштайт. Алгачкы максат –метронун алгачкы тилкесин 1970-жылы ишке берүү болсо да, иш жүзүндө бул окуя 1974-жылга туура келди.
Ц (C) «кызыл» багыты
түзөтүүЦ (C) «кызыл» багытынын алгачкы тилкесинин ачылыш аземи 1974-жылы 9-майда саат 9да ошол кездеги ЧССР Коммунисттик партиясынын лидери Густав Гусактын катышуусу астында болду. Демек, алгач А багытынын эмес, Ц багытынын тилкеси иштей баштаган.
Ц (C) багытындагы “Ладви” метро бекети (Stanice metra Ládví) Чехиянын ордо шаардын Прага-8 бөлүгүндөгү Кобылисы ооданында жайгашкан.
“Ладви” метро бекети 2004-жылы июнда расмий ачылган. Кийинчерээк (2008-жылдын май айында) бул Ц (C) метро багыты “Летняны” бекетине чейин узартылган. Ага чейин “Ладви” бекети “С” багытынын түндүк-батыштагы эң соңку бекети болуп турган. Азыркы тапта да “С” багытынын шаардын түштүк-чыгышынан чыккан кээ бир поюздары “Ладви” метро бекетине чейин эле жүрөт.
2012-жылга карата Ц (C) - «кызыл» багыты 20 бекеттен турат жана анын узундугу дээрлик 22,7 чакырымды кучагына алат. Бул багытты поюз 36 мүнөттө басып өтөт.
А «жашыл» багыты
түзөтүүПрага метросунун А багытын куруу иши 1973-жылы башталган. Бул «жашыл» багыттын алгачкы тилкеси 1978-жылы 12-августта ишке киргизилген. 2014-жылга чейин А багыты Дейвицка бекетинен (бул бекет коммунисттик доордо Лениново деп аталган) түштүккө карай узартылып, Червены Вырх, Велеславин, Петржины, Мотол деген жаңы бекеттер ачылмакчы. 2012-жылга карата А багыты 13 бекеттен турат жана 10,9 чакырымды кучагына алат.
Б (B) “сары” багыты
түзөтүүПрага метросунун үчүнчү болуп ишке кирген Б (B) багытынын курулушу 1979-жылы башталган. Бул «сары» багыттын алгачкы тилкеси 1985-жылы 2-ноябрда ишке киргизилген. Ал анда болгону Смихов темир жол бекети менен Флоренц автобус бекетин туташтырган.
Ушул тапта бул багыт 24 бекеттен турат жана узундугу 25,6 чакырымга жетет. Анын башынан аягына чейин 41 мүнөттө жетүүгө болот.
Адабият тизмеси
түзөтүү- Praha: atlas města 1 : 15 000, Kartografie Praha 2007, 5. vydání, ISBN 978-80-7011-939-6.
- 30 let pražského metra, Pavel Fojtík, ISBN 80-239-2704-3.
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- Metroweb.cz барагындагы сүрөт
- http://www.prahazelena.cz/dablicky-haj.html Archived 2012-10-24 at the Wayback Machine
- http://www.dablickyhaj.cz/lokalita-moderni-bydleni-dablice.php Archived 2011-12-30 at the Wayback Machine
- (en) http://www.dailymile.com/routes/838126-running-route Archived 2016-03-04 at the Wayback Machine
- http://www.youtube.com/watch?v=K5DmNLBvFao
- http://www.praha.eu/jnp/cz/home/zabava/sport/bezecke_trasy/dablicky_haj.html Archived 2011-10-07 at the Wayback Machine
- http://www.metrostav.cz/cz/aktuality/aktualni_informace/detail?id=660 Archived 2007-11-04 at the Wayback Machine
- Metroweb.cz барагындагы сүрөт
- http://www.praha.eu/jnp/cz/home/zabava/sport/bezecke_trasy/dablicky_haj.html Archived 2011-10-07 at the Wayback Machine
- http://zpravy.idnes.cz/metro-slavi-vyroci-vstoupilo-do-kristovych-let-ftl-/praha.asp?c=A070509_100131_praha_jba