Практикалык астрономия - астронометриянын бир бөлүмү; ал астрономиялык байкоолордон убакытты, географиялык координаталарды жана багыттын азимуттарын аныктоо жана астрономиялык аспаптарды үйрөнүүгө арналган.

Практикалык астрономиянын маселесин чечүүнүн шартына жараша ал геодезиялык астрономия, деңиз астрономиясы жана авиация астрономиясы болуп бөлүнөт. Практикалык астрономиянын аспаптары горизонталь, вертикаль тегиздиктеги бурчтарды ченөөдө жана жарык чыгаруучунун вертикаль жана альмукантарат аркылуу өтүү учурун белгилөөдө колдонулат.

Мындай аспаптарга: универсал аспап, зенит-телескоп, сүрөткө түшүрүп алма зенит түтүгү ж. б. кирет. Ал эми кеңдикти аныктоодо убакыт радиосигналын кабыл алуучу аппараттар пайдаланылат. Практикалык астрономия маселелери астрономия, геодезия, геофизикада чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.