Прекос кою (французча ргесосе, латынча ргаесох – эрте, тез жетилүүчү) -эт-жүн багытындагы уяң жүндүү кой породасы. 19-кылымдын аягында Францияда рамбулье коюнун соолуктары лейстер коюнун кочкору менен, кийинчерээк Германияда немец мериностору Англиянын узун жүндүү породадагы кочкорлору менен аргындаштырылып чыгарылган. Денеси чың, сөөктүү, жону жазы. Соолугу токол, кочкорлорунун айрымдары мүйүздүү. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 100–110 кг, соолугунуку 55–60 кг. Кочкорунан 8–10 кг (эң көбү 14 кг), соолугунан 3,8–4,2 кг (эң көбү 10 кг) жүн кыркылат. Жүнүнүн ичкелиги 58–64-сапатта, узундугу 7–10 см. 45–50% таза жүн чыгат. КМШ өлкөлөрүнөн РФтин борбордук аймактарында, Башкыртстанда, Украинада багылат. Прекос кою кыргыз уяң жүндүү коюн чыгарууда пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү