ПРЖЕВАЛЬСКИЙДИН ЭСТЕЛИГИ — орус саякатчысы жана географы Н. М. Пржевальскийге тургузулган эстелик. Каракол шаарына жакын жерде улуу саякатчынын мүрзөсүнө 1894-жылы граниттен тургузулган. Эстеликте Н. М. Пржевальскийдин саякатынын маршруту көрсөтүлгөн Азия картасын чеңгелдеген бүркүт орнотулган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.