Привес, Михаил Григорьевич

Михаил Григорьевич Привес (1904 - 2000 гг.) — cовет жана орусиялык анатому, эмгек иштен болгон таяныч-кыймылдаткыч жана кан тамырдуу системаларга таасирдин, кан тамырдуу тутумунун космикалык учуштардын шарттарына адаптациянын изилдөөчүсү, лимфа система изилдөөсүнө рентгенография киргизгени менен жана нормалдык анатомия изилдөөсүнө рентгенологиялык ыкмаларды киргизгени менен белгилүү.

М.Г. Привес 5 монографиянын жана 6 жаңы чыгарылган нерсенин автору. Андан сырткары ал П.К. Лысенковдун жана В.Н. Бушковичтин бир нечен орус жана чет тилдерде басылышты өткөн окуу китепти кайтадан иштеп чыккан. М.Г. Привестин көптөгөн окуучулары (100 ашык илим кандидаттар жана доктурлар) анын арбагын сыйлап «Адамдын анатомиясы» аттуу окуу китебин өлгөндөн кийин басып чыгарышкан.

Өмүр-баяны түзөтүү

1926 жылы Воронеж университетинин медициналык факультетти аяктагандан кийин Михаил Григорьевич университеттин факультеттин хирургиялык клиникасынын ординатору болду, 1930 жылы болсо ал Ленинграддагы Мамлекеттик рентгенологиялык жана радиологиялык институтунун нормалдуу жана салыштырмалуу анатомия лабораториясына аспирант катары алынган. Ошол лабораторияны М.Г. Привес 1937 — 1953 жылдары башкарган, жана 1937-1977 жылдары академик И.П. Павлов атындагы 1 Ленинград медициналык институтунун нормалдуу анатомия кафедрасынын жетекчиси болгон. 1977 — 2000 жылдары СПбГМУ нормалдуу анатомия кафедрасынын профессор-консультант кызматын ээлеген. Институттун Красноярскка болгон эвакуация учурунда (1942 — 1944) Красноярск медициналык институтунун уюштуруучулардын бири жана биринчи директору.

Нечен жыл боюу Бүткүл союздук анатомлордун, гистологдордун жана эмбриологдордун коомунун төрагасынын орун басары, «Анатомия, гистология жана эмбриология архиви» аттуу журналдын башкы редактордун орун басары, акыркы жылдары Бүткүл союздук жана Бүткүл орусиялык анатомлордун, гистологдордун жана эмбриологдордун илимий коомунун Ардактуу мүчөсү, көп жыл боюу Ленинграддык анатомлордун, гистологдордун жана эмбриологдордун илимий коомун башкарган, анан болсо өмүрдүн акыркы күндөрүнө чейин анын Ардактуу төрагасы болгон.

Илимий ишкердиги түзөтүү

1935 жылы медициналык илимдердин кандидаты даражаны Привеске диссертация жактоосуз ыйгарылган, 1937 жылы болсо ал «Адамдын узун түтүк сыяктуу сөөктөрдүн кан жабдуусу» тема менен доктур диссертацияны жактаган.

Анатомияны изилдөөнү өлүк материалда гана эмес, тике тирүү адамда жүргүзгөн, ошол үчүн бир нечен рентгенологиялык изилдөөнүн ыкмаларын ойлоп чыгарган жана колдонгон: жумшак рентген нурлар (Букки), томография, электрорентгенография. М.Г. Привес нервдердин рентген сүрөтүн кыла алган биринчи илимпоз.

Институттун кызматкерлери менен биргиликте бардык ички органдардын артерияларын Рентген ыкма аркалуу изилдеген жана алардын ичинде аяк артерия эмес, анастомоз бар экендигин көрсөткөн.

1933 жылы биринчилерден бири лимфа тутумун изилдөөгө рентгенологиялык ыкманы ойлоп чыгарган жана лимфа тамырлардын пульсациясын изилдөө үчүн рентгенокимографияны колдонгон. 1936 жылы Привес алгачкы жолу тирүү адамдын лимфа тамырларын рентгенограммасын чыгарган, 1947 жылы болсо, ошондой эле алгач жолу, чоң мээнин жарым шарлардын кабыгын бузуудан лимфа системада морфологиялык өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдаган.

Михаил Григорьевич систематикалык түрдө ар кандай эмгек жана спортивдик профессиялардын өкүлдөрүнүн анатомиясын изилдеп баштаган, сөөктөрдүн жана муундардын белгилүү иш түрүнө байланыштуу кайра түзлүшүн рентгеналык ыкма аркалуу изилдеген.

Институттун кызматкерлери менен биргиликте биринчилерден бири анан «космикалык» аталып калган анатомияны өнүктүрө баштаган, өлкөдө алгачтардан бири «ультрадобуш анатомияны» өздөштүрө баштаган.

Лениграддын химиктери менен биргиликте анатомиялык препараттарды консервациялоо формалинсиз ыкманы ойлоп чыгарган, алар табигый өңдү, көлөмдү жана серпилмелүүлүк сактаган, атайын идиш аякты жана консервациялоо суюктукту талап кылбайт.

Анатомия боюнча атласты түзгөн жана басып чыгарган. Ал маалыматтын сапаты менен белгиленип дүйнөнүн көптөгөн институттарында колдонулат. Ал «Космикалык анатомиянын» автору.

СПбГМУ нормалдуу анатомия кафедрасына Михаил Григорьевич Привестин ысымы берилген.

Илимий эмгектери түзөтүү

  • Привес М.Г. Адамдын анатомиясы
  • Привес М.Г. Анатомиялык препараттарды консервациялоо ыкмалары
  • Привес М.Г. Космикалык анатомия
  • Лысенков Н.К., Бушкович В.И., Привес М.Г. Адамдын нормалдуу анатомиясын окуу китеби

Наамдары жана сыйлыктары түзөтүү

  • Орусия Федерациянын илиминин эмгек сиңирген ишмери
  • Интегративдүү антропология боюнча Эл аралык академиянын академиги
  • ВДНХ чоң күмүш медалын ылайык тапкан

Шилтемелер түзөтүү