Примитивизм
Примитивизм (латынча primitivus – алгачкы, баштапкы) – негизинен скульпторлукта жана живописте кеңири орун алган, заманбап буржуазиялык көркөм искусстводогу көп сандаган формалисттик агымдардын бири. П. «примитивдүү» доорлор жана алгачкы уруулар менен элдердин көркөм искусстводогу жөнөкөйлөштүрүлгөн формаларды көрксүз тууроо максатында, өткөн замандын бүт мыкты жетишкендиктеринен толук баш тартуусу менен мүнөздөлөт. Алгачкы коомдун деңгээлиндеги ой жүгүртүүлөрдү ашыкча чоңойтуп жана күч менен азыркы начарлаган буржуазиялык маданиятка киргизүү аркылуу П. ачык эле реакциячыл, формалисттик максаттарга кызмат кылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004