Принцесса Рагнхилль жээги

Принцесса Рагнхилль жээги (англ. Princess Ragnhild Coast) – Королева Мод жеринин 20° 30’ жана 34° чыгыш узундуктарынын аралыгындагы жээги; Чыгыш Антарктидада. Жээк бойлой созулуп жаткан шельф муздугу Нансен муздук платосуна (бийиктиги 3000 мден ашык) жана муз капталына өтөт, анын түндүк чегинде Сёр-Роннане жана Бельжика тоолору (бийиктиги 3630 мгe чейин) көтөрүлүп жатат. Аймак 1931-жылы Г. Исаксен, Я. Рисер-Ларсен жетектеген норвегиялык экспедиция тарабынан ачылып, норвегиялык принцессанын урматына аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү