Приставкин Николай Яковлевич

Приставкин Николай Яковлевич (3. 3. 1922, Россия, Смоленск областы, Глинковск району, Секерино айылы – 1993, Ысык-Көл областы, Түп району, Түп айылы) – айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1942-жылдан Ак-Суу районундагы «1-Май» колхозунда зоотехник, 1945–53-жылдары Жети-Өгүз райондук айыл чарба бөлүмүндө зоотехник, 1953-жылдан Түп районундагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоздун башкармасынан төрагасы. Ал башкарган чарба кылкансыз 1 буудайдан жана апийимден мол түшүм алган. Эки Ленин, 3 Эмгек Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени жана медалдар менен сыйланган. Түп айылында өзү жашаган көчөгө ысмы берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү