Программаланган окутуубилим берүүнүн мазмуну жана ошол мазмунду өздөштүрүүнүн жолу боюнча алдын-ала түзүлгөн программага ылайык ишке ашырылуучу окутуу. Мындай программада үйрөнүлүүчү билимдердин мазмуну гана эмес, ошол билимдерди түшүнүп-билүүнүн бүткүл процесси толук баяндалып кошо жазылат, башкача айтканда үйрөнүлүүчү билимге ээ болуу үчүн окуучу кандайча окуп эмгектенүүсү керек экендигинин бүткүл жолу баяндалып көрсөтүлөт.

Мугалим окуу процессин уюштуруп, анын жүрүшүнө жетекчилик да, контролдук да кылат. Ошого карабастан окутууну биз толугу менен башкарылуучу процесс дей албайбыз. Анткени башкарылуучу окутуу деп ар бир окуучунун алга жылышынын ар бир кадамы мугалим тарабынан дайыма толук контролдукка алынып турган окутууну, жумуштун ар кандай этабында ар бир окуучу материалды кандай өздөштүрүп кабыл алып жаткандыгы жөнүндөгү маалыматтарды мугалим тынымсыз билип тура турган окутууну, улам кийинки материал мурдагы материалдын кандайча өздөштүрүлгөндүгүнө жараша берилип тура турган окутууну айтабыз. Ал эми окутуунун адаттагы практикасында болсо мугалим сабактын каалаган учурунда ар бир окуучунун материалды өздөштүрүү процессин, анын акылынын өнүгүү жолун контролдукка ала албайт. Мына ушунун өзү традициялык окутуунун негизги кемчилдиги болуп эсептелет. Материалды окуучулар канчалык даражада түшүнүп кабыл алып жаткандыгы жөнүндө мугалим жалпы гана болжолдуу маалыматтарды окуучулардын оозеки же жазуу жүзүндөгү жоопторунан ала алат. Ошондуктан мугалим сабакты өтүүнүн темпин, эреже катары кандайдыр бир орточо окуучуга тууралап гана уюштурат да ар бир окуучунун өзгөчөлүгүн эсепке ала албай калат. Дал мына ушул мааниде биз мугалим окутуу процессин толук башкара албайт дейбиз. Ошондуктан ушул мааниде традициялык окутууну биз башкарылуучу процесс боло албайт деп билебиз.

Чынында эле, эгерде окутуу процессинде мугалим тигил же бул окуучунун материалды туура же туура эмес түшүнүп жатканын, же такыр эле түшүнбөй жатканын, анын кандай суроолору келип чыгып жатканын билбесе, анда ал муктаж болгон окуучуга ошол замат зарыл жардам көрсөтө албайт. Демек, окуу процесси анын башкаруусунда болбой калат. Эгерде окуучу улам мурдагы материалды жакшы өздөштүрүп түшүнбөсө, анда ал андан кийинки материалды оңой менен түшүнө албайт. Ошондуктан окутуу процессинде мугалимдин түшүндүрүп жаткан материалын түшүнбөй калуучу бир дагы окуучу болбоого тийиш, бардык окуучу улам жаңы материалды өздөштүрүп кабыл алууга толук даяр болуусу зарыл. Ошондо гана биз окуучуларга терең жана бекем билим бере алабыз, ошондо гана экинчи жылы ордунда калуучулукту жоё алабыз.

Окутууну толук башкарылуучу процесске айландыруунун ишенимдүү жолунун бири программаланган окутуу болуп эсептелет. Программаланган окутуунун кадимки окутуудан кандайча айырмалана тургандыгын ачык элестетүү үчүн окуу процессин ага катышуучулар тарабынан эки жактуу процесс катары карап көрүүгө туура келет.

1. окутат, билим берет, (мугалим),

2. окуйт, билим алат (окуучу). Булар окуу процессинин эки звеносун түзүшөт.

Кибернетикалык тил менен айтканда мына ушул эки звенонун арасында түз жана тескери байланыштын каналдары түзүлүп, ал каналдар боюнча мугалим менен окуучу өз ара бири-бирине маалыматтар берип турушат. Мугалим түшүндүрөт, далилдейт, негиздейт, чийип же сүрөтүн тартып баяндайт, тажрыйба көрсөтөт, окуучу болсо угат, түшүнүп алууга жана эстеп калууга аракеттенет, ойлонот, жалпылайт. Демек, «түз байланыштын каналы» боюнча информация субъектиден объектиге, башкача айтканда мугалимден окуучуларга берилет. Бирок, окутуу башкарылуучу процесс болсун үчүн «тескери байланыштын каналынын» иштеши да зарыл: окуучу сабакта уккан жана көргөн материалын кайра кайталап айтат, маселе чыгарат, мугалим анын жообун угуп жана көрүп, ага баа коёт. Мына ушул «тескери информациянын» негизинде гана мугалим ар бир окуучунун окуусу канчалык ийгиликтүү болуп жаткандыгын биле алат жана ошого жараша окуу процессине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизе алат да, окуу процессинин андан аркы жүрүшүн туура пландаштырат.

Бирок, ар бир класста мугалимдин карамагында 35–40 окуучу боло тургандыктан, ал ар бир окуучудан тынымсыз тескери информация алып тура албайт, окуучунун ар бир кадамы сайын аны сурап тура албайт, башкача айтканда «тескери байланыштын» каналы боюнча информация мезгил-мезгили менен гана сейрэк келип турат. Натыйжада материалдын ар бир окуучу тарабынан өздөштүрүлүшүнүн өзгөчөлүгүн мугалим даана билбей калат. Мисалы, окуучу ката кетирди дейли. Бирок, анын конкреттүү себеби эмнеде экендиги адатта белгисиз бойдон эле кала берет. Традициялык окутуунун мына ушул сыяктуу бардык терс жактары программаланган окутууда жоюлат.

Айрым учурда мугалимдер программаланган окутууну сөзсүз окутуучу машиналардын жардамы менен гана жүргүзүү мүмкүн деп ойлошот. Бул туура эмес. Чындыгында программаланган ошондой машина менен да жана машинасыз да ишке ашырылат, анын негизги мааниси машинаны колдоно же колдонбой тургандыгында эмес, эң негизгиси мында окутуу – окуучу улам мурдагы кадамдагы материалды түшүнмөйүнчө андан кийинки кадамга өтө албай тургандай болуп уюштурула тургандыгында. Ал үчүн окуу материалын логикалык тизмектештикте жайланышкан анча чоң эмес пропорцияларга («кадамдарга», «дозаларга», «кадрларга») бөлүштүрүшөт. Бул принципте түзүлгөн окуу материалын программа деп аташат.

Улам кийинки үлүштөгү билимди алуудан мурда окуучу ага чейинки өлчөмдөгү (порциядагы) материалды түшүнүп өздөштүргөндүгүн кандайдыр бир жол менен (коюлган суроого туура жооп берүү, маселе чыгаруу жана башкалар) далилдеп көрсөтүүгө тийиш. Ошентип, окуучу материалды кандай түшүнүп өздөштүрүп жаткандыгы жөнүндө мугалимге тынымсыз билдирип турат. Окуучунун жообунун сапатына (анын берген жообу туурабы же катабы, эгер ката болсо, ал кандай ката) жараша окутуунун андан аркы кадамы белгиленет: же окуучуга кийинки өлчөмдөгү материалга өтүү, же мурдагы эле өлчөмдөгү материалды кайталап окуп өздөштүрүү, же өтүлгөн материалды тиешелүү кадр боюнча кайталоо сунуш кылынат. Мындай функциялар окутуучу машинанын же атайын программаланып түзүлгөн окуу китебинин жардамы менен ишке ашырылат. Ошондуктан программаланып түзүлгөн окуу китепти кээде «окутуучу кагаз машина» деп да аташат.

Мына ошентип, окуучудан мугалимге келүүчү тескери байланыш ар бир окуучунун ишине тынымсыз контролдук кылууну камсыз кылат, демек, окуу процесси толугу менен башкарылуучу процесске айланат.

Тескери байланыш ар бир окуучунун ишин анын жеке өзгөчөлүгүнө жараша башкарууга мүмкүндүк берип, анын окуу процессине дайыма активдүү катышуусун камсыз кылат, анткени мында окуучу пассивдүү болуп жөн олтура албайт, анын пассивдүүлүгү дароо эле билинип турат. Программаланган окууда эң негизгиси ар бир окуучу анын жеке өзү үчүн оптималдуу болгон темпте, өзүнө ылайык стилде окуп эмгектенет.

Жалпысынан алганда программа ошондой мектептерде азыр колдонулуп жүргөн традициялык окутуудан бир кыйла артыкчылыкка ээ. Бирок, ошого карабастан бүткүл окутууну программалаштырып жиберүүгө болбойт.

Программаланган окутууну белгилүү өлчөмдө окутуунун башка методдору менен туура айкалыштырып колдонгондо гана биз оптималдуу натыйжага ээ болушубуз ыктымал. Ошондо гана окуучулардын билими бекемделип, сапаты жогорулайт, тигил же бул теманы окууга кетүүчү убакыт үнөмдөлөт, окуучулардын машыгууларына сунуш кылынуучу көнүгүүлөр көбөйөт, алардын окуусуна контролдук кылуу жакшырат. Программаланган окутуунун негизги принциптери окутуунун техникалык каражаттарынын бар же жоктугуна карабастан окуу-тарбия ишинин эффектисин жогорулатуу үчүн ар бир мугалим программаланган окутуунун төмөнкүдөй негизги принциптеринен толук пайдалана алышы мүмкүн.

1. Сабактын темасы боюнча окуучуларга берилүүчү окуу материалын билгичтик менен туура тандап алуу. Ар бир тема боюнча окуучулар үчүн эң кызыктуу болгон фактылар эң эле көп. Бирок, окуу материалын тандоо: биринчиден, берилген теманы андан ары тереңдетип үйрөнүүгө база түзө алгыдай негизги гана суроолорду аныктап алуу жана ошол суроолордун бекем өздөштүрүлүшүнө көбүрөөк көңүл буруу; экинчиден, илим менен техниканын азыркы өнүгүшүнүн көз карашында алганда анчалык маанилүү эмес болуп эскирип калган суроолорду чыгарып таштоо иши эң маанилүү.

2. Тандалып алынган материалды окуучулар сезимдүү түрдө толук кабыл алып үлгүргүдөй кылып рационалдуу дозаларга бөлүштүрүү. (Көңүлдүн башка эч нерсеге алагдыланбай туруктуу токтоп тура ала турган убактысынын ичинде өздөштүрүп кабылданылуучу логикалык аякталган ойду информациянын дозасы деп түшүнөбүз).

Мугалим сабакта окуу материалын, адатта, бүткүл тема (же параграф) боюнча баяндап түшүндүрөт. Бирок, окуучулар мугалимдин айткандарын түрдүүчө түшүнүшөт да, түрдүүчө кабыл алышат. Мисалы, кээ бир окуучу мугалимдин айтып жаткан оюн узакка чейин ээрчий албайт, бир нерсеге алаксыйт, түшүндүрүлүп жаткан ойдун логикалык байланыштуулугун жоготуп жиберет да, эң акырында өтүлүп жаткан материалды түшүнбөй калат. Башка бирөөлөрү болсо, мурдакы материалды жетишээрлик даражада өздөштүрбөгөндүктөн азыркы айтылып жаткан ойду ээрчий албайт да, сабакта өтүлүп жаткандар ал үчүн кызыксыз болуп сезилет. Натыйжада окуучунун билиминде оңой менен ордуна келгисиз кемчилик пайда болот. Ошондуктан окуу материалын өлчөмдөргө бөлүштүрүү жана анын окуучулар тарабынан туура кабыл алынып жаткандыгына токтоосуз ишенүү программаланган окутуунун негизи болуп эсептелет. Адегенде биринчи өлчөм берилет, экинчи өлчөм болсо ошол биринчи өлчөмдү окуучу даана түшүнгөндүгүнө мугалим толук ишенгенден кийин гана берилет, экинчи өлчөмдү окуучу толук кабыл алгандыгына ишенген соң үчүнчү доза жана ушул сыяктуу улам кийинки дозалар берилет. Материалды өтө эле майда өлчөмдөргө бөлүштүрүү түшүндүрүүнүн тизмектештигинин бузулушуна алып келет, жана ошондуктан татаал материалды өтүүдө ал колдонулбайт. Тескерисинче, материалды ирети өлчөмдөргө бөлүштүрүү аларды окуучулардын кабылдоосун кыйындатат жана алардын билимине контролдук кылууну татаалдаштырат, материалдардын туура кабыл алынып жатышы жөнүндөгү ырастоонун (тескери байланыштын) келип турушун кечиктирет. Ошондуктан материалдарды дозаларга туура бөлүштүрүү начар окугандарга талаптын күчтүү болуп калышы же жөндөмдүү окуучуларга талаптын жеңил болуп калышы сыяктуу кемчиликтерди болтурбоого мүмкүндүк берет.

3. Окуучулар көбүнчө жакын арада суралуучу суроолорго гана даярдануу менен чектелишет да материалды системалуу түрдө өздөштүрүү боюнча максималдуу эмгектенишпейт. Мугалим материалды түшүндүрүп жатканда кээ бир окуучу аны китептен окуп аламын деген ой менен мугалимдин бир дагы сөзүн укпастан жалдырап олтура берет. Же өтүлгөн материалды бышыктоодо мугалим эки-үч, же көп болгондо үч-төрт окуучуга тиешелүү суроолорду берет, калган окуучулар болсо бул убакытта өзүлөрүн бардык иштен бошонгондой сезишет. Ошондуктан бардык окуучуну окуу процессине активдүү катыштырып, ар бир окуучунун көңүлүн бүткүл сабак бою жаңы материалга топтоо эң зарыл методикалык ыкма болуп эсептелет.

Прогрммаланган окутуу ошондой эле мугалимге дал ушул маселени чечүүгө мүмкүндүк берет: окутуунун бардык этабында (үй тапшырмасын текшерүүдө, жаңы материалды өтүүгө база түзүү максатында окуучуларды ага даярдоодо, жаңы материалды өтүп жатканда, аны бышыктоодо, жаңы материал боюнча окуучуларды өз алдынча иштетүүдө, мурда өтүлгөн материалдардын негизги суроолорун кайталоодо) бардык окуучунун билимин такай контролдоп турууга мүмкүндүк берет.

4. Окуу процессинде окуучунун ишинин, анын ар бир аракетинин тууралыгын эч токтоосуз ырастап туруу.

Коюлган суроолорго окуучулардын берген жоопторунун тууралыгын ырастоону бир аз эле убакыт кечиктирүү окутуунун сапатын кескин түрдө төмөндөтүп жиберет. Ал гана эмес, эгерде окуучунун ишинин тууралыгын ырастоо жок болсо, анда ал туура эмес фактыларды, туура эмес аракеттерди туура сыяктуу эсептеп калышы да мүмкүн. Бул учурда анын мындай катасын жоюу эң кыйын болот. Окуучунун оозеки жообунун, же анын маселе чыгаруудагы аракетинин тууралыгын мугалим өзүнүн жүзүн жылмайтуу, башын ийкөө, же кээде айрым фраза аркылуу токтоосуз кубаттап ырастап турганы жакшы. Окуучунун ишинин тууралыгын бул сыяктуу ырастап туруу анын күчүнө ишенимин арттырат.

5. Окуу процессинин бардык этабында түз жана тескери байланышты ишке ашыруу. Окутууну белгилүү суммадагы билимдердин, билгичтиктердин, көндүмдөрдүн жана чыгармачылык менен өз алдынча изденип эмгектенүүнүн ыкмаларын окуучулар тарабынан өздөштүрүлүшүн башкаруунун процесси деп эсептөөгө болот. Ал эми ар бир башкарылуучу процессти автоматташтыруу мүмкүн, демек, окутууну автоматтык башкарылуучу процесс деңгээлине келтирүүгө болот.

Автоматтык башкарууда дайыма башкаруучу жана башкарылуучу объектинин же анын айрым элементтеринин иш абалы жөнүндөгү маалымат башкаруучу объектиге келип түшөт. Бул маалымат башкаруучу объектиде талданып чыгып, ошонун негизинде башкаруунун буйругу иштелип чыгат да, ал түз байланыштын каналы боюнча башкарылуучу объектиге берилет. Дал ушул сыяктуу башкарылуучу окуу процессинде түз байланыш деп мугалимден окуучуга келүүчү информацияны (материалды түшүндүрүү, консультациялар, оңдоолор, тактоолор жана ушул сыяктуу), ал эми тескери байланыш деп болсо оозеки суроолордо, үй тапшырмаларын текшерүүдө, контролдук иштерди өткөрүүдө окуучудан мугалимге келип туруучу окуу материалынын өздөштүрүлүшүнүн сапаты, анын тереңдиги жана бекемдиги жөнүндөгү бардык маалыматтарды түшүнөбүз.

Тескери байланыштын информациялары канчалык тез-тез келип турса, мугалимдин эмгегинин эффективдүүлүгү да, окуу процессин башкаруунун сапаты да ошончолук жогору болот. Окуучулардын эмгектенүүсү да ошончолук интенсивдүү болуп, алардын өздөштүрүүлөрү жогорулайт, анткени мында мугалим өзүнүн түшүндүрүүсүндөгү орун алган кемчилдикти өз учурунда дароо байкап билүүгө жана окуучулардын материалды чала түшүнүп калышкан жерлерин толуктоого мүмкүндүк алат.

6. Окуу процессинде ар бир окуучунун өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө карата ага жекече тапшырма берип, өзүнчө эмгектентүү.

Жакшы окуган окуучу начар окуучуга салыштырганда ар кандай сабактын материалын болжол менен үч эсе тез өздөштүрө тургандыгы педагогикалык тажрыйбадан жана көп сандаган изилдөөлөрдөн айкын болду. Ошондуктан түшүндүрүүнүн темпин жакшы окуган окуучуларга жараша ориентациялоодо начар окуган окуучулар материалды кабыл алууга үлгүрбөй калышат, тескерисинче, түшүндүрүүнүн темпин начар окуган окуучуларга ылайыктап жай жүргүзсөк, анда алдыңкы окуучуларды каныктыра эмгектенте албай калабыз, алардын өсүүсүн жасалма түрдө зордуктап токтоткон болобуз. Демек, окутууда ар бир окуучуну анын дал өзүнө туура келүүчү темпте эмгектентүү эң зор мааниге ээ.

Тажрыйбалуу мугалимдер бул принципти ар дайым ишке ашырууга аракеттенишет, бирок группалык (класстык) окутууда ар бир окуучуга окутуунун бардык этабында жекече мамиле жасоо эң эле кыйын. Адатта бүткүл окуу процесси орто окуган окуучуга ылайыкталып пландаштырылат. Натыйжада күчтүүрөөк окуучулар өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүнө караганда алда канча жай өсүп өнүгүшөт, тескерисинче, начар окуучулар да ушул темпте өтүлүүчү материалды да толук өздөштүрө албай калышат. Жыйынтыгында күчтүү окуган окуучулар да, начар окуган окуучулар да бара-бара өтүлүүчү материалга кызыкпай калышат. Ошондуктан окутуунун бардык этабында ар бир окуучуну анын өзүнө тиешелүү темпинде эмгектентүү иштин ийгилигин бир кыйла даражада камсыз кылат. 7. Окуу предметинин структуралык жана логикалык схемасын түзүү, башкача айтканда предмет боюнча окуучуларда логикалык жактан аякталган системалуу билимди калыптандыруунун материалын жеңилден оорго карай бүткүл окуу жылына ылайыктап пландаштыруу.

Структуралык жана логикалык схемада, белгилүү логикалык тизмектештикте бири-бири менен жана башкалар предметтердин тиешелүү бөлүмдөрү менен байланышта болгудай дозаларга бөлүштүрүлгөн бөлүмдөрдүн, темалардын, параграфтардын (же информациянын элементтеринин) системалаштырылган тизмеси берилет. Мындан тышкары материалды үйрөнүүнүн эң эффективдүү методдору, сырттан контролдоонун жана өзүн өзү контролдоонун ар түрдүү формалары көрсөтүлөт.

Структуралык жана логикалык схеманы түзүүдө ушул предмет боюнча окуучунун логикалык ойлоосунун өсүшүнө жана анын керектүү практикалык көндүмдөргө ээ болуусуна түрткү боло албай турган, же улам кийин өтүлүүчү материалды өздөштүрүү үчүн анча мааниге ээ болбогон информациялар, ошондой эле кайталанылуучу малыматтар чыгарылып ташталат. Структуралык жана логикалык схеманын негизинде сабактарга бөлүштүрүлгөн план түзүлөт да, анда ар түрдүү окуу материалынын жана сабакта колдонулуучу методикалык ыкмалардын эң эле рационалдуу ирээттүүлүгү көрсөтүлөт. Планды окуучулар өздөрүнүн сабак убагында алган билимин практикага колдонууну аларга тиешелүү дозадагы информация берилер замат эч токтоосуз жүргүзө башташкандай кылып түзүү керек. Эгерде практикалык көнүгүү иштери кечиктириле турган болсо, анда берилген дозадагы илимий информациянын өздөштүрүлүшү анча чың болбой калат. Структуралык жана логикалык схеманын жардамы аркасында мугалим окуучуларга сабак убагында өтүлүүчү материалдын эң керектүү, түйүндөрүн гана толук терең түшүндүрүп, окуучуларга мурдатан же башка предметтер боюнча тааныш болгон суроолорго, ошондой эле окуучулар өздөрү окуп түшүнүп алыша турган маселелерге токтолуп олтурбоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

8. Окутуунун эффективдүүлүгүн камсыз кылуу максатында оптималдуу алгоритмдерди түзүү жана аны окутуу процессинде колдонуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,