Программаланган окуу китеби

Программаланган окуу китеби - программаланган окуунун принциптери техникалык каражаттарды (окутуу машинасын) колдонуу аркылуу, ошондой эле аларсыз да (Программаланган ошондой китептер жана окуу куралдарынын жардамы менен) ишке ашырылышы мүмкүн.

Программаланган ошондой китебинде же окуу куралында окуу материалынын мазмуну гана эмес, аны үйрөнүүнүн программасы да кошо берилет. Окуу китебинде бардык информация эң кылдаттык менен тандалып алынып, оптималдуу түрдө өлчөмдөргө бөлүштүрүлүп, логикалык тизмектештикте жайлаштырылышы керек.

Материалды өздөштүрүүнүн сапатын окуучулар өз алдынча текшерип биле алсын үчүн информациянын ар бир дозасында контролдоочу суроолор жана маселелер кошо берилет. Эгерде окуучу суроого туура жооп бере албаса, анда ага кошумча түшүндүрүүлөрдү же жардамчы суроолорду берүү максатында китептин тиешелүү бетин окуп чыгуу сунуш кылынат. Программаланган ошондой китеп улам кийинки өчөмгө окуучу алдыңкы өчөмдөргө информацияны өздөштүргөндөн кийин гана өтө алгыдай болуп түзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,