Продукцияны тастыкташтыруу
Продукцияны тастыкташтыруу – продукциянын белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгын бекемдөө боюнча иш-аракеттер. П. т. төмөндөгү максаттарда жүргүзүлөт: КР бирдиктүү товар базарында уюмдардын иштөөсү, ошондой эле эларалык экономикалык, илимий-техникалык кызматташтыкка жана эларалык соодага катышуу үчүн шарт түзүү; керектөөчүлөрдүн продукция тандоосуна көмөктөшүү; керектөөчүлөрдү даярдоочулардын (сатуучунун, аткаруучунун) уятсыздыгынан коргоо; продукциянын коопсуздугун көзөмөлдөө; даярдоочу тарабынан көрсөтүлгөн сапат көрсөткүчтөрүн бекемдөө. П. т. милдеттүү жана ыктыярдуу мүнөз күтүшү мүмкүн.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7