Органикалык эмес бирикмелерден жарык энергиясынын эсебинен органикалык заттарды синтездеген автотрофтор.

Продуценттерге баардык өсүмдүк организмдер жана хемоавтотрофтор кирет. Продуценттер жер бетине келип түшкөн күн энергиясынын 1% жакынын пайдаланышат жана аны органикалык бирикмелердин энергиясына айландырышат.

Продуценттер – жөнөкөй органикалык эмес заттардан органикалык заттарды өндүрүүчү автотрофтук (фото же хемосинтездөөчү) организмдер тобу. Ага негизинен экосистеманын трофикалык деңгээлиндеги биринчи баскычты түзгөн жашыл өсүмдүктөр ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
  • EKOLOJİ ÇEV-150. 3. Hafta: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Dr. Nurzat Totubayeva