Прозалык ыр.

Прозалык ыр, ыргактуу проза – каармандын лирикалык туюмдары прозалык чыгармада берилип, күчтүү эмоцияга жана белгилүү бир ритмге ээ болгон чыгарма. М. Горькийдин атактуу “Бороон кабарчысы жөнүндө ыры” мына ушундай түрдө жазылган. Прозалык ырда сүйлөмдөрдүн синтаксистик түзүлүшү поэзиялык формага жакын келет. Мисалы, “Бул дүйнөдө жол азабы түгөнбөгөн мен түбөлүк жолоочумун. Сапарымдын түк чеги жок, арбыта албадым жолду да. Кечээ жүрдүм адашууну мен билбей, туңгуюкта чиеленген турмушумдун чыйырларын өзүм да таба албай барам үлгү-насыяттары Бүгүн болсо карылыктын айынан көздөрүмдүн нуру өчүп, адашамын даңгыр жолдо. Эртеңчи? Эртең да мен аракетти адашпоого жумшаймын. Анан? Анан кылчайып артыма, акырет деген түбөлүккө даярданам”.

                                                 (Н. Каримов)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004[Категория: Акын- жазуучулар]]