Прозелитизм (гр. - каратылган, өз ордун тапкан) — башкаларды өз ишенимине каратууга умтулуу, ушундай максатка жетүүгө багытталган ишмердик.

Дүйнөлүк диндердин өнүгүшүнүн тигил же бул баскычында Прозелитизм орун алгандыгы анык. Алсак, христианчылыктын алгачкы баскычында ГГ. күчтүү болгон. Чокундуруу ырымы абдан эле жөнөкөй, жада калса байыркы Орусиядагыдай массалык түрдө чокундуруу жолу менен жалпы орус эли христиан динин кабыл алышкан. Заманбап христианчылыкта Прозелитизм термининин ордуна «миссия» сөзү көбүрөөк колдонулат. СССР кулагандан баштап Прозелитизм өтө эле жигердүүлүктү көрсөтүп, сан жагынан тездик менен көбөйүп келаткан диндик топтордун катарына Иеговдордун Күбөөлөрү кирет. Алар каратьшгандарга чокундурууну бекер уюштуруп гана тим болбостон, аларга материалдык жардам бергендиктери жөнүндө эл арасында айтылып жүрөт. Диндин бул тобуна эгемендик жылдарында миңдеген кыргыздар каратышыгандыгы жөнүндө ар кыл маалыматгар кездешет. Ислам башынан эле күчтүү Прозелитизм диндеринин катарына кирет. Эгер адам күбөөлөрдүн көзүнчө үн чыгарып шахада (Алл а дан башка кудай жок, Мухаммед анын үмөтү) айтса, анда ал ислам динине каратылды деп эсептелинген. Адамдар төрөлгөндөн эле мусулман болуп төрөлүшпөйт, алар ишенимин кийин тандап алышат. Аларды чыныгы динге «кайтаруу» керек деген сыяктуу көз караш бүгүнкү исламда орун алып келүүдө. Кыргызстандагы эгемендиктин алгачкы жылдарында даават кыймылынын кеңири таралгандыгы байкалган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8