Прокофьев Александр Андреевич

Прокофьев Александр Андреевич [19. 11 (2. 12). 1900, азыркы Ленинград областы, Волхов району, Кобона кыштагы – 18. 9. 1971, Ленинград] – орус совет акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1970). Алгачкы ыр жыйнактары – «Чак түш », «Кызыл кыраакылар көчөсү» (экөө тең – 1931), «Жеңиш» (1931). Совет-Финляндия согушу (1939-40) жана Улуу Ата Мекендик (1941–45) согуш мезгилинде Прокофьев аскер журналисти, Ленинград фронтундагы жазуучулар тобуна мүчө болгон, жоокерлерге арнап агитациялык ырлар, частушкалар, ураандар жазган. Прокофьевге совет элинин патриотизми, орус жергесинин сулуулугу сүрөттөлгөн «Россия» поэмасы (1944) үчүн СССР мамлекеттик сыйлыктын (1946) ыйгарылган. Анда «Өйүздө» (1955), «Саякатка чакыруу» (1960; Лениндик сыйлыктын, 1961) аттуу жыйнактары жогорку көркөмдүүлүгү, идеясынын тереңдиги менен өзгөчөлөнөт. Прокофьев – элдик оозеки чыгармачылыкты чебер пайдалана билген сүрөткер, поэзиясы эмоциялуу, көп кырдуу. Балдарга арналган бир нече жыйнактын да автору. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган (А. Ашыров, К. Артыкбаев, Ж. Абдыкалыков, А. Кыдыров). 4 Ленин, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү