Пролетариат гегемониясы

Пролетариат гегемониясы - демократиялык жана социалисттик революцияда, улуттук- боштондук кыймылда, социализм менен коммунизмди курууда өзүнө мүдөөлөш социалдык катмарлар, топтор жана таптар менен болгон союзунда пролетариаттын жетекчи ролу.

Пролетариат гегемониясы жөнүндөгү маселе жумушчу табы өз алдынча саясий күчкө айланган мезгилде (19- кылымдын ортосу) пайда болгон. Жумушчу табынын революциячыл тап катары тарыхый миссиясын изилдөө негизинде Пролетариат гегемониясы идеясын К. Маркс жана Ф. Энгельс сунуш кылган. Дыйкандар менен союздашуудагы Пролетариат гегемониясынын маанисин К. Маркс атайын белгилегенералдык В. И. Ленин империализм доорунда социалисттик революцияда гана эмес, -демократиялык революция менен улуттук-боштондук кыймылда да пролетариат жетекчи роль ойнорун көрсөтүп, Пролетариат гегемониясы идеясын конкреттештиргенералдык

Гегемония идеясы марксизмдин өзөк жоболорунун бири экенин белгилеп, демократиялык революцияда пролетариаттын жетекчилиги ал революциянын жеңип чыгышын камсыз кылат жана социалисттик революцияга айланышына өбөлгө түзөт деп көрсөткөн. 20-кылымдын башында с.-д. партияларда пролетариат калктын көпчүлүгүнө айланса гана социализмдин жеңишине шарт түзүлөт деген жобо тараган.

В. И. Ленин пролетариат калктын азчылыгын түзгөн күндө да зор күчкө ээ болорун, коммунисттик партиянын жетекчилиги менен эзилген калкты өз тегерегине баш коштурарын, буржуазияны жеңүүгө жарай турганын баса белгиле генералдык Пролетариат гегемониясы теориясын В. И. Ленин меньшевиктерге, троцкийчилерге каршы идеялык күрөштө өөрчүткөн. Пролетариат гегемониясы теориясы Россиядагы 1905-07-жылкы революцияда, 1917-жылкы Февр. революциясында, өзгөчө Октбярь революциясында жана 20-кылымдын орто чениндеги демократиялык революцияларда өз чындыгын далилдегенералдык Пролетариат диктатурасы Пролетариат гегемониясынын жаңы формасы болуп, социалисттик заманда жумушчу табы эң алдыңкы жана уюшкан күч катары коомду мамлекттик башкарууну жүзөгө ашырат. Жумушчу табы коммунизм куруу мезгилинде (пролетариат диктатурасы жалпы элдик мамлекетке айланган учурда) да өзүнүн жетекчи ролун сактайт. Эл аралык жумушчу табы жана дүйнөлүк социалисттик система бүткүл дүйнөлүк анти- импер. күрөштө жетекчи болуу менен бирге, ал күрөшкө эл аралык масштабда жетекчилик кылууда. Азыркы учурда ар кандай өнүгүү бамкычында турган өлкөлөрдөгү жумушчу табы гегемондук абалда социалдык эзүүгө каршы күрөш жүргүзүүдө. Бул күрөш өнүккөи канит. өлкөлөрдө демократия жана социализм үчүн, о. эле антимонополисттик мүнөздө, ал эми өөрчүп келе жаткан өлкөлөрдө империализмге жана феодализмге каршы мүнөздө жүрүп жатат. Антикоммунисттер индустриясы өнүкпөгөн өлкөлөрдө социалдык күрөшкө дыйкандар гегемон (жетекчи) болот деп, дегинкисин айтканда, Пролетариат гегемониясы орус түрролун танышат. Коммунисттер буга окшогон теорияларды жана аракеттерди чечкиндүү сынга алышат. Импер. мамлекеттердеги жумушчу табы тап күрөшүндө жетекчи боло аларын, социалисттик жана демократиялык идеалдар үчүн чечкиндүү иштерге даяр экендигин, азыркы жаңы шартта кеңири массаны артынан ээрчите ала турганын көрсөтүүдө. Жумушчу табынын жетекчи ролу эл массасынын боштондук күрөшүндөгү ийгилигинин зарыл шарты экендигин тарыхый тажрыйба далилдегенералдык

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.