Прономинализация, б. а. башка сөз түркүмүндөгү сөздөрдүн ат атоочко өтүшү.

Мындай сөздөр конкреттүү маанисинен обочолонуп, өтө жалпыланган (абстракттуу) маанини билгизип калат. Ошондуктан аны «ат атоочтошуу» деп айтуу ыктымал. Мисалы, бир сан атоочту өз (б. а. санды билгизүүчү) маанисин алда канча басаңдатып, тааныш эместикти. белгилүү болгондукту билгизип калат. Үйгө бир кииш келип, сизди чакырып жатат.

Бир сөзүнүн -дыр мүчөсү уланган кандайдыр бир, кимдир, качандыр сөздөрү менен эч, ар сөздөрүнөн кийин колдонулушу да мүмкүн, анын ат атоочтук функцияда экенин көрсөтөт: качандыр бир, эч бир ж. б.

Кыргыз тилиндеги белгилүү, орус тилиндеги определенный, известный сыяктуу сын атоочтор да «кээ бир», «кандайдыр бир», «кайсы бир» маанисинде ат атооч катары колдонулат: белгилүү бир учурда, (кээ бир кезде), в определенных случаях, на определенном этапе.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9