Протекторат (латынча protector – коргоочу, колдоочу) – 1) колониялык күнкорлуктун бир түрү. Мында атайын эл аралык келишим боюнча бир мамлекет (көз каранды) өзүнүн тышкы байланыштарын жана мамилелерин жүргүзүү жагын экинчи мамлекетке (протектор) тапшырат. Протектор-мамлекет өзүнө көз каранды өлкөгө анын ички иштерин көзөмөлдөп туруу үчүн да кеңешчи (резидент) жиберет. Протекторат азыркы эл аралык укук боюнча мыйзамсыз деп каралган; 2) 1653–59-жылдардагы Англиядагы согуштук диктатура. Ал 1653-жылы 16-декабрда бардык бийлик лордпротектор О. Кромвелге өткөн. Протекторат жаңы дворяндардын жана буржуазиянын мүдөөсүн жактаган. Кромвель өлгөн соң анын улуу баласы Ричарддын лордарыясыпротектор титулунан баш тартышы менен (1659, май) протекторат жоюлуп, бийлик офицерлер кеңешине өткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү