Протекционизм (лат. protectio - жактоо, колдоо дегенден) - мамлекеттин улуттук экономиканы колдоого багытталган саясаты.

Ал соода- саясий тоскоол аркылуу чет өлкөлүк товарлардын ички рынокко түшүшүнө жол бербей, алардын өтүмдүүлүгүн начарлатуу максатын көздөйт. Протекционизмде улуттук экономикага финансы жагынан жардам берилип, товар экс- порттоого кызыктырылат.

Протекционизм дин маңызы жана соода саясатындагы чаралар (чет өлкөлүк товарга тыюу салуу, бажы өлчөмү, тариф структурасы ж. б.) бул же тигил доордогу жалпы экономикалык саясатка жараша өзгөрүлөт. Капиталды алгач топтоо жана капит. мамиле пайда болуу мезгилинде Протекционизмдин теоретиктери менен практиктери меркантилисттер эле.

Протекционизм Францияда (Кольбердин 1664 жана 1667-жылдагы протекция тарифтери), Австрия монархиясында, көптөгөн герм, мамлекеттерде, Россияда Пётр I тушунда кеңири тараган.

К. Маркс жана Ф. Энгельс өз эмгектеринде Протекционизм менен эркин сооданы кеңири талдаган. Азыркы кезде өнүккөн капитал мамлекеттердеги Протекционизм ири улуттук жана эл аралык монополиялардын кызыкчылыгын жактайт. Анын максаты - товар менен капитал өткөрүү рыногун тартып алуу, бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүү. Капит. интеграциянын өнүгүү процесси «коллективдүү» Протекционизмдин пайда болушуна алып келди. Ал өнүккөн капит. өлкөлөрдүн айрым тобунун макулдашып аракеттениши менен жүзөгө ашырылат. Буга «Жалпы рыноктогу» өлкөлөрдүн тышкы соода саясаты мисал. Өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү Протекционизм калыптана баштаган улут чарбасын коргоого багытталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.