Протоплазма (прото... жана грекче plasma – калыптанган) – клетканын ички бөлүгүн толтурган татаал зат. Протоплазманын курамы цитоплазмадан жана ядродон турат. «Протоплазма» терминин алгач чех табият таануучусу Л. Пуркине 1839-жылы өз эмгегинде пайдаланган. Протоплазма жөнүндө түшүнүк клетканын түзүлүшүн, касиетин үйрөнүү жана клетка теориясынын өнүгүшү менен пайда болгон. Жаныбар, өсүмдүк, микроб жана бир клеткалуулардын организминдеги протоплазманын физикалык касиети, химиялык курамы жана морфологиялык түзүлүшү окшош келип, жандуу жаратылыштын бирдиктүүлүгүн айкындайт. 19-кылымдын ортосунан баштап протоплазма клетканын тиричилигинде негизги милдетти аткара тургандыгы маалым болгон. 20-кылымдын 40–50-жылдары протоплазманын ички ультра түзүмүн окумуштуулар изилдегенден баштап, клетканын органоиддери ачылып, алардын түзүлүшү, жайгашышы жана функциясы белгилүү болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү