Прототип

(Грек сөзүөн– образга негиз болгон деген мааниде), прообраз – чыгарманын каарманынын жаралышы үчүн негиз болгон, турмушта жашаган адам. Кээ бир чыгармаларды жазууда авторлор чыныгы турмушта жашап өткөн реалдуу адамдардын өмүр жолун өз чыгармасына негиз кылып алат. Кээде анын атын өзгөртөт, кээде өзгөртпөйт. Ошол жеке адамдын турмушун көркөмдөштүрүүдө тил даражасына көтөрүп чыгуу керек. Бул үчүн прототиптин эң негизги белгилерин көрө билип, аны көркөм электен өткөрүү зарыл. Кыргыз адабиятында да көптөгөн прототиптер бар. Мисалы, мугалим Менкамал Жолоева Ч. Айтматовдун “Эрте келген турналар” повестиндеги Инкамал-апайдын, Сейталы Бекмамбетов "Биринчи мугалимдеги" Дүйшөндүн, Мырзабай “Бетме-беттеги” Мырзакулдун, Асия Дубанаева “Жамийладагы” Жамийланын прототиптери экендиги жазылып, айтылып жүрөт. Албетте жазуучу прототибинин өзүн гана жазып койбойт, аны чыгарманын максатына, окуянын жүрүшүнө ылайык кайра иштеп чыгат, башка бир инсандардын өмүр-таржымалдары менен, автордун өзүнүн турмуштук тажрыйбалары менен толуктайт, алымча-кошумчаларды киргизет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: