Профессор (Мударис) - (лат. – окутуучу) – жогорку окуу жайдын окутуучусунун жана илим-изилдөө мекемесинин илимий кызматкеринин илимий наамы жана кызмат орду. Официалдуу статусу XVI кылымда белгиленген (эң алгач Оксфорд университетинде). Бул наам жогорку окуу жайлардын же илим-изилдөө мекемелеринин, өндүрүштүк бирикмелердин окумуштуулар советинин көрсөтүүсү боюнча, Жогорку улуттук аттестациялоо комиссиясынын чечими боюнча ыйгарылат. Айрым өлкөлөрдө ординардык (штаттык) жана экстра ординардык (штаттан тышкары) профессордук кызматы болот. Бир катар өлкөлөрдө (Австрия, Белгия, ГЭР, Югославия жана башка) университеттин жана башка окуу жайларынын гана эмес, ошондой эле мектептердин мугалимдери, АКШда колледждин окутуучулары дагы профессор деп аталышат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,