Прудонизм - майда социализмдин бир түрү; капитализмдин негизине катылбаган майда реформачылдык.

Бул агым П. Ж. Прудондун философиясы менен социологиялык көз караштарына негиздел генералдык Прудончулар ири капит. менчикти «уурулук» Деп айыптап, бирок коммунизмди четке кагып, бирөөнүн эмгегинен пайдаланбай тапкан майда менчикти жактап чыккан. Прудон таптык эзүүнү экономикалык реформалар аркылуу жоюуга, «социалдык революцияны» тынч жол менен ишке ашырууга болот деп эсептеп, саясий күрөштөн баш тартканда жана мамлекетти жойгондо гана пролетариат менен буржуазия кызматташа алат деп тыянак чыгарган. Прудон ошондой эле адилеттик идеяларын жайылтуу, адамды жакшыртуу, борборлошкон чоң мамлекеттерди майда автономия областтарга бөлүү менен коомдук прогресске жетишүүгө болот деп эсептегенералдык

Прудонизм 19-кылымда Франция ж. б. өлкөлөрдө тараган. Прудонизмди К. Маркс, Ф. Энгельс жана алардын жолдоочулары идеялык жактан катуу сынга алган, ага каршы күрөш алып барган. Париж коммунасынын тажрыйбасы да Прудонизмдин негизсиздигин ашкерелегенералдык Прудонизмдин теориясын кийин анархисттер, анархосиндикалисттер, реформисттер, оңчул социалисттер жана ревизионисттер уланткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.