ПрутУкраинадагы дарыя, Дунайдын сол куймасы. Бир аз бөлүгү Молдавия менен Румыниянын чек арасы жана Черновцы шаарына чейин терең өрөөн аркылуу агат. Узундугу 967 км, алабынын аянты 27,5 миң км2. Чыгыш Карпат тоолорунан башталат. Орточо чыгымы 80 м3/сек. Жайында суусу кирип, күзүндөгү жаанчыл мезгилде ташкындайт, кышында да суусу мол болот (жылуулуктун таасиринен жана жамгырдын эсебинен). Январь – февралдан марттын башына чейин муз тоңот. Леово шаарынан баштап кеме жүрөт. Боюнда Яремча, Комолыя, Снятын, Новоселица, Унгены шаары бар.

Прут менен Дунай.

Колдонулган адабияттар түзөтүү