Психастения (байыркы грек тилинен ψυχή — жан жана ἀσθένεια — алсыздык, күчсүздүк) — тартынчаактык, коркоктук, санаакордук менен мүнөздөлгөн оорулуу абал.

Психастения

Оорулуу тууралуу түзөтүү

Психастения менен ооругандар асанкайгы, уяң, турмушка байымы жок, мокок болушат. Озүнө өзү ишенбегендиктен, бир чечимге келе алышпайт, өз жоруктарын кайта-кайта талдай беришет, бардыгынан шектенишет, бир ишти баштаса аны ишке ашырыш үчүн далбастап, тынчы кетет. Андай адам өзүн башкалардан кем санап, өз ишине ыраазы болбойт. Окуяны көргөнгө караганда укканы, окуганы көбүрөөк таасир калтырат. Мындай оорулуу тажатма, майдачыл болот. Аларга көнүмүш турмуштун өзгөрүшү, үйрөнгөн адаттын бузулушу өтө оор, андай чакта өзүнө ишенбөөчүлүк, шектенүү, кооптонуу күч алат. Алар жеңил, жашык, ызакор, тартынчаак келишет, ден соолугу бир аз начарласа эле жамандыкка жоруп, тынчсызданат, ар кандай шектүү ойлорго кабылат (Ишенүү оорулары). Психастения түрдүү психикалык травмалардан, катуу коркуудан, ошондой эле тубаса да (Психопатия) болушу мүмкүн.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8