Психофизиология (психо... жана физиология) -- психиканын материалдык негиздерин жана психикалык процесстер менен алардын физиологиялык негиздеринин өз ара карым-катышына тийиштүү маселелерди изилдөөчү илим тармагы.

«Психофизиология» терминин биринчи 1830-ж. француз философу Н. Массиве (1764-1848) киргизгенералдык Түр- дүү мезгилде Психофизиология психикалык процесстердин мээдеги «борбору» жөнүндө окуу, эмоциянын нервдик жана гуморалдык механизмдерин изилдөө ж. б. катары түрдүүчө түшүнүлгөн.

Сезүү органдарынын Психофизиологиясы өзгөчө кеңири тараган. Психофизиология бир катар баалуу эксперименттик маалыматтарды берген, бирок идеалисттик теориянын туткунунда өнүккөн. Психиканын материалдык негиздерин чыныгы илимий маанисин И. М. Сеченов менен И. П. Павловдун матер, физиология окуусунун позициясында гана туура түшүнүү мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.