Пскем пиязы (лат. Allium pskemense, B. Fedtsch.) - Бийиктиги 40-80 см ге чейин жеткен көп жылдык өсүмдүк. Бир нече пияз түбү кыска, жоондугу 4-5 см жана сырткынан кара-күрөң, ичинен кызгылт-күрөң түстөгү кабыгы менен капталган сабак-тамырда жайгашкан. Сабагында көпкөлөң тарткан томпогу бар. Жалбырактарынын ичи көңдөй, түтүк сыяктуу узун, 3 санда, сабагынан кыска келет. Чатыр гүлү шар сымал, кабы чатыр гүлүнө теңдеш. Гүлдөрү 6 мм ге жакын, ак түстө. Аталык жипчеси гүл коргонунан узунураак, тегинен бири-бири менен биригип, учунан өз ара шакекче сымал бекиген. Тектеш түр Ошанин пиязынан айырмасы - гүл коргонунун жалбыракчалары жана аталык жипчеси чоңураак жана тегинен шакекче сымал биригип турат.

Пскем пиязы.
Пскем пиязы.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнң айында гүлдөп, июлда уруктайт. Уругу аркылуу көбөйөт. Уругунун өнүмдүүлүгү начар - 1-3 %. Жалпы жана өлкөдө таралышы. Батыш Тянь-Шань (Өзбекстан, Түштүк Казакстан, Кыргызстан). Кыргызстанда – Чаткал тоо кыркасы.

Өсүү шарттары түзөтүү

Аска-зоолордун жаракалары, орто тоо алкактарындагы таштак беттерде өсөт.

Саны түзөтүү

Чектелген.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Жергиликтүү калк тамак-аш катары колдонот. Чарбачылыкка жерлерди өздөштүрүүдөн өсүү шарттары начарлап кеткен.

Өстүрүү түзөтүү

КР УИАнын Ботаникалык багынын шарттарында пияз түбүнөн бир нече түп өстүрүлгөн. Өсүп-өнүүсү жакшы.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

СССРдин (1975), Казак ССРинин (1981), Өзбек ССРинин (1984), Кыргыз ССРинин (1985) кызыл китептеринде катталган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Атайын коргоо аракеттери иштелип чыккан эмес. Пияз түбүн казып алууга тыюу салып, маданий өсүмдүк катары өстүрүү зарыл.

Статусу түзөтүү

EN. Өтө сейрек кездешкен, саны азайып бара жаткан Батыш Тянңшандын эндем түрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү