Пульсоксиметр (англ. pulse oximeter) — капиллярдык кандын кычкылтек менен каныгуусунун деңгээлин өлчөөчү медициналык аспап.

Пульсоксиметрдин заманбап нускасы Такуо Аоягиде Nihon Kohden кореялык фирмасында иштелип чыккан.[1]

Иштөө принциби түзөтүү

Пульсоксиметр инвазивдүү эмес өлчөөчү аспап, ал кычкылтек камтыган кандын пайызын көрсөтөт. Тагыраак айтканда, ал оксигемоглобиндин курамындагы артериалык гемоглобиндин пайыздык камтылышы (кычкылтекты ташуучу кандагы белокту) көрсөтөт. Өпкө оорулары жок бейтаптардын кадыресе колдонулган диапазондору 95 баштап 99 пайызга чейин.[2]

Кадимки пульсоксиметр фотодиодго кунт коюлган эки чоң эмес жарык-диоддору (LED) бар пульсту жибере турган микропроцессторду колдонот. Эреже катары, түзмөк манжа, кол же кулак көнчөгү сыяктуу сырткы кан айлануу менен коштолгон чөйрөдө колдонулат. Бир жарык-диоддун толкун узундугу 660 нм (кызыл), ал эми башкасы - 940 нм (инфракызыл).[3][4]

Ушул толкундардын узундугунда кычкылтектүү кан жана кычкылтек жетишсиз кандын ортосунда жарык сиңирүүсү айырмаланат[5]:

  • Кычкылданган гемоглобин инфракызыл нурданууну көбүрөөк сиңирет жана кызыл түс көбүрөөк - 940 нм.
  • Деоксигенирленген гемоглобин кызыл түстү көбүрөөк сиңирет жана инфракызыл нурдануу көбүрөөк өткөрөт - 660 нм.

Чектөөлөр түзөтүү

  • Пульсоксиметр гемоглобин кайсы малекула менен байланышканын орнотпойт, ошондуктан аны ис газына ууланууда колдонууга болбойт;[6]
  • Түзмөктүн өлчөө тактыгына гипотония, дененин төмөн температурасы, кыймыл активдүүлүгү таасир этет;[7]
  • Кандагы метилен көк маанилерди азайтып жыйынтыктарды бурмалоосу мүмкүн;[8]
  • Тырмактын кара, көк жана жашыл лагы түзмөктүн толкун узундугуна таасир этет.[9]

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Takuo Aoyagi, Inventor of the Pulse Oximeter, Dies at Age 84. spectrum.ieee.org. Текшерилген күнү 15 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  2. Будьте здоровы: 5 лучших домашних пульсоксиметров 2021 года. yavitrina.ru. Текшерилген күнү 15 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  3. Principles of pulse oximetry. frca.co.uk. Текшерилген күнү 15 -ноябрь (жетинин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2015.
  4. Принцип работы пульсоксиметра. choicemmed.ru. Текшерилген күнү 15 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  5. Principles of Pulse Oximetry Technology. oximetry.org. Текшерилген күнү 15 -ноябрь (жетинин айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 18 -март (жалган куран) 2015.
  6. Pulse oximetry in severe carbon monoxide poisoning. pubmed.ncbi.nlm.nih.gov. Текшерилген күнү 15 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  7. The correct use of pulse oximetry in measuring oxygen status. nursingtimes.net. Текшерилген күнү 15 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  8. Пульсоксиметрия. cyberleninka.ru. Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2021.
  9. The effect of nail polish on pulse oximetry. pubmed.ncbi.nlm.nih.gov. Текшерилген күнү 15 -ноябрь (жетинин айы) 2021.