Пьяновский, Виктор Адамович

Пьяновский Виктор Адамович (1872—1922) — штабc капитан. Орус-япон согушунун катышуучусу.

Аскердик кызматын Ташкенде өтөгөн. 1907-ж. Кыргызстанга келип, Каракол шаарында аткана уюштуруп (алгач өзүнүн, андан кийин ведомстволук), жергиликтүү жылкылардын асылдуулугун арттырууга көмөк көрсөткөн. Каракол шаарында ипподром ачууга чоң көмөк көрсөткөн. Кеңеш бийлиги орногондон кийин өзүнүн асыл тукум жылкыларын мамлекетке берген.

Анын демилгеси менен 1908-ж. чабандестер коому уюшулуп, ал кийин асыл тукум жылкы өстүрүү заводуна айланган. Кийин ал завод Ысык-Көл районундагы Чоң-Өрүктү айылына которулган. Анын негизинде 54- Ысык-Көл жылкы заводу негизделген.

1922-ж. Түркстан Республикасынын жылкы заводунун башкы башкаруучусу болгон. Өзүнүн аманаты боюнча сөөгү Каракол шаарындагы ипподромго коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.