Пэкульней – Сибирдин түндүк-чыгышындагы кырка тоо, Анадырь дарыясынын алабында. Магадан областында. Узундугу 300 км. Эң бийик жери 1381 м (Колючая чокусу). Эффузия жана сланец-кумдук тоо тектеринен түзүлүп, аралды интрузия тектери жиреп чыккан. Капталдарын жапалак бал карагай өскөн мамык чөп – чөп өсүмдүктүү тундра, андан жогору эңилчектүү тоо тундрасы ээлейт. Мөңгүлөрү бар (жалпы аянты 20 км2).

Колдонулган адабияттар түзөтүү